• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды

24 Аяк оона 202014:34 Бишкек Govori.TV

24-сентябрь күнү «Манас» көзөмөл-өткөрмө бекетинде чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

«Стамбул-Бишкек» багыты боюнча учуп келген 26 жаштагы М.К.к. аттуу жаран паспорттук текшерүүдөн өтүп жатып паспортун көрсөткөн. Чек арачылар документте көрсөтүлгөн маалыматтардын туура эместигин аныкташкан», — деп билдирет Чек ара кызматы.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 96