Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды
Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды
27 Тогуздун айы 2018 14:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.10.2018.Govori.TV
Баткендеги «Кадамжай» көзөмөл-өткөрмө бекетинен башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1991-жылы туулган жаран чек ара кызматкерлерине башка жарандын паспортун көрсөткөн. Анын сырткы келбетинин шек санаган кызматкерлер текшерүүгө алганда Өзбекстандын жараны тууганынын паспортун көрсөткөнүн моюнга алган.
Учурда тиешелүү документтер толтурулуп кармалган адам ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.