• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чекист менен криминалдын кучакташкан сүрөтү чуу жаратты

12 Жетинин айы 2018 14:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.11.2018.Govori.TV.
Социалдык тармактарда крим чөйрөнүн белдүү өкүлү Камчы Көлбаев менен УКМКнын мурдагы кызматкеринин чогуу түшкөн сүрөтү тарады.
Интернет колдонуучулар мурдагы чекист менен крим чөйрөнүн өкүлүнүн кандай байланышы болушу мүмкүн деген суроо коюшуп, бул чоң талкууга айланды.
Ошондой эле аталган кызматкердин чуулуу окуясын дагы эстешти.
Эске салсак, жай айларында сүрөттөгү УКМКнын мурдагы кызматкери көп кабат үйдүн алдындагы балдар түшө турган бассейнде чатак чыгарып, кошуналарын жана милиция кызматкерлерин өзүнүн кызматы аркылуу “баарын отургузам” деп коркуткан эле.
Количество просмотров: 42