• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чет элдиктерге онлайн түрүндө төшөк кызматын көрсөтүп жаткан учурунда өспүрүмдөр кармалышты

3 Жалган куран 2018 20:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 03.03.2018. Govori.TV.

Борбор шаардын милициясы кыздарды чет элдик кардарларга онлайн түрүндө төшөк кызматын көрсөтүп жаткан учурунда кармаган. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, моделдик студия катары ачылган жайда бир нече, ал тургай жашы жете элек кыздар иштеген. Алар жылаңачтанып, видеочаттын жардамы менен эротикалык жана порнографиялык шоуларды көрсөтүп келишкен.

Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы жашы жете элек секелектерди онлайн-сойкулукка тарткан фактыны иликтеп баштады.

«Өткөн жылдын январь айында белгисиз эки киши жашы жете элек кызды алдап, чет элдиктерге онлайн түрүндө төшөк кызматын көрсөткөн студияда иштөөгө көндүрүшкөн. Алгач башка иш деп чакырышкан да келгенден кийин аңгемелешүүдө вебкаминг менен алектене тургандыгын айтышкан. Кыз баш тартып, андан соң милицияга арыз жазган», — дешти милициядан.

Аталган факты боюнча Биринчи Ммай райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин 262-беренсинин 1-бөлүмүнүн негизинде кылмыш ишин козгогон.

«Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, 2-мартта ар кыл даректеги батирден айылдан келген беш кыз табылды. Милиция кызматкерлери келген учурда алар ар кыл бөлмөлөрдө компьютерге орнотулган веб-камералар аркылуу чет өлкөлүк кардарларга кызмат көрсөтүп жаткан. Алардын арасында жашы жете электер да болгон», — деп айтылат маалыматта.

Милициянын айтымында, эки студияда болжол менен 10-15 кыз үч нөөмөт менен иштеген. Бул «бизнестин» ээлери да аныкталды. Алар — Ош облусунда туулган 25 жаштагы киши менен Баткенде туулган 27 жаштагы аял болуп чыккан.

Аларга Кылмыш кодексинин 262-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Маалыматта тергөөнүн жүрүшүндө бул экөө сутенер катары жоопкерчиликке тартылары анык болуп жатканы айтылган.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алар №1 тергөө абагына эки айга киргизилди.

Количество просмотров: 38