• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чет элдик инвестор Жапаров менен Зулушевге кайрылуу жасады

31 Бугу 2022 10:21 Бишкек Govori.TV

Beko бренди менен таанымал «Эфор Бишкек ЛТД» ЖЧКсын негиздөөчүсү Газиоглу Кемал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Финансы рыногуна жөнгө салуу жана көзөмөл кызматынын төрагасы Улан Сарбановго кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда 2019-жылдын август айынын баш жагында компания тарабынан ижарага алынып жаткан кампада келип чыккан өрттөн улам «Эфор Бишкек ЛТД» ЖЧКсы 1 миллион АКШ долларынан ашкан суммага олуттуу зыянга учурагандыгы белгиленген.

Өрттөн улам күйүп кеткен товарлар «АТН Полис» компаниясында камсыздандырылган. Бирок «Эфор Бишкек ЛТД» ЖЧКсын аталган Камсыздандыруу компаниясынан келтирилген чыгымды өндүрө албай келет.

Эфор Бишкек ЛТД” компаниясынын негиздөөчүсү  Кемаль Газиоглу мындай көрүнүштөр өлкөгө инвесторлорду тартуу ишине көлөкөсүн түшүрүүдө деп эсептеп, тиешелүү чара көрүүнү өтүнгөн.

Төмөндө кайрылуунун толук текстин беребиз:

Количество просмотров: 1294