Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова тарабынан демилгеленген “чет элдик өкүл” деген түшүнүктү киргизген мыйзам долбоору кн тартибинен чыгарылган.
Буга чейин парламенттин сайтында 7-февралга белгиленген күн тартибинде “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү маселеси экинчи окууда карала турганы жазылган болчу. Бирок, маселе бүгүнкү күн тартибинде жок, ал эмне себептен алынганы белгисиз.
23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жактырган.
Эске салсак, Надира Нарматова баштаган депутаттар тобу бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат. Өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөдөн каржы алып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик өкүл” статусуна ээ болуп, атайын реестрге киргизилет. «Жарандардын инсандыгына жана укуктарына кол салган» аймактык тескөөчүлөрдү түзгөндүгү үчүн айып пул жана он жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жазасы сунушталган.