Чет элдик валютаны мыйзамсыз ташып чыгуу фактысы боюнча УКМК басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте, «Ош-аэропорт» көзөмөл-өткөрүү пунктунан тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурбастан 99 700 швейцариялык франк (9 миллион 835 405 сом) өлчөмүндөгү акчаны Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына алып чыгууга аракет кылган 1999-жылы туулган Х.А.А. аттуу кыргызстандык жаран кармалды. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын үстүбүздөгү жылдын 22-августуна карата маалыматы боюнча: 1 швейцариялык франктын кыргыз сомундагы баасы – 98,65).
Аталган факты боюнча материалдар КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан электрондук маалымат журналына катталып, тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы №7 «Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынган.