Чүйдө чет элдик жаран дээрлик 60 млн сомдук баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 1981-жылы туулган Ж.А.Г. аттуу чет элдик жаран 3-ноябрда 9 кг 980 грамм мефедрон синтетикалык баңгизаты менен колго түшүрүлгөн. Аталган маңзаттын 1 граммынын баасы 6 миң сомду түзөт. Ал эми 9 кг 980 граммдын баасы 59 млн 880 миң сомго жетет.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, жөнөтүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда аталган ишке тиешеси бар адамдарды издөө иштери жүрүүдө.