Кечээ, 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата Балыкчы шаарынын бала бакчаларына кыргыз тилиндеги китептер белекке берилди.
Китептерди 7 жылдан бери Канадада жашап, иштеп жүргөн балыкчылык жубайлар Айсулуу Алмаз жана Арстанбек Жолочутегини тартуулады.
Чет өлкөдө жашаган жубайлардын балдар үчүн өздөрү жазып чыккан 50 даана китептерин алардын апасы шаардык билим берүү бөлүмүнө тапшырды.
Апасынын айтымында, жубайлар өз мекенине жана анын маданиятына болгон сый-урматын билдирип, кичинекей балдардын кыргыз тили менен таанышуусуна салым кошууну каалашкан. Алар кыргыз тили жаш муундун руханий байлыгы экендигин жана тилди таза, так үйрөнүү маанилүү экендигин жакшы түшүнүшөт.