• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

«Күнкарама деп аткан болсо анда өздөрү дагы күнкарама». Депутат тууну өзгөртүү сунушун сындады

25 Тогуздун айы 2023 11:07 Бишкек Govori.TV

Депутат Мирлан Самыйкожо мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушун сынга алды. Анын айтымында, желекти өзгөртүүдөн башка да маселелер көп.

«Коомчулукта, социалдык тармактарда дээрлик көпчүлүгү каршы болуп жатат. Биз желектен башка нерсени жасайлычы, мамлекеттин ыйыгына тийбей эле коелучу. Бул күндү нуру. Эгер биз арбайтып-тарбайтып койсок анда ал уйгак болуп калат. Бул туу 30 жылдан бери эн тамга болуп келатат», -деди ал.

Кесиптешине төрага Нурланбек Шакиев жооп берип, туунун авторлору менен жолукканын айтып, авторлор өзүлөрү баштапкы варианты өзгөрүп кеткенин билдиришкенин айтты.

Ал эми депутат Самыйкожо кайрадан сөз алып, эгер туунун авторлору дагы күнкарама деп аткан болсо анда өздөрү дагы күнкарама экенин айтып сынга алды.

«Биз ушуга чейин туура эмес туунун алдында турдукпу? Туунун авторлору дагы ким күн карама деп жаткан болсо, ошолор өзүлөрү күн карам да. Күн тийген жердин күкүгүнө айланып, жетим көпөлөктөй ар кайсы жерде айланып, ким эмне десе ошонун айдагына айдалып, байрагына байланып келгендер ошентип айта берет»,-деди Самыйкожо.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин сайтына мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлган. Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртууга багытталып жатат. Алардын пикиринде, азыр туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү “күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен диллеманы пайда кылууда”.

“Ошондуктан күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат” деп белгилешти авторлор.

Бул демилге коомчулукта ача-пикир жаратты. Буга чейин тууну өзгөртүү боюнча бир нече жолу сунуштар айтылып, талаш-тартыштар жаралып келген.

Количество просмотров: 144