• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Нарматованын Швейцарияга бара турганы айтылды. Депутат эмне дейт?

22 Жетинин айы 2023 17:30 Бишкек Govori.TV

26-ноябрда Министрлер кабинетинин жана парламент мүчөлөрүнүн курамынан турган расмий делегациясы Швейцарияга барат деген маалымат тарап, эл өкүлдөрүнүн арасында «чет элдик өкүл” жөнүндө талаштуу мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Надира Нарматова дагы бар экени айтылды.

Эл өкүлүнө байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Бул маселе боюнча менин кабарым жок экен»,-деди Нарматова.

Жогорудагы маалыматты Жогорку Кеңештин маалымат кызматы да тастыктаган жок.

Белгилей кетсек, Надира Нарматова бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорунун автору. Документ былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн мыйзамга дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Юристтер “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзам демократияга жана адам укуктарына каршы багытталган көптөгөн жоболорду камтый турганын айтып чыгышкан.

Ал эми Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Буга чейин медиа коомчулук менен жарандык коомдун өкүлдөрү Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине жана Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер – Швейцария менен Улуу Британиянын элчиликтерине кайрылуу жолдоп, аталган мыйзамдын авторлоруна виза бербөө өтүнүчүн келтиришкен. Депутат Нарматова Жогорку Кеңештин жыйынында мындай өтүнүч менен кайрылгандардын өздүгүн тактоо боюнча УКМКга протоколдук тапшырма берүүнү сунуштаган.

Эл аралык уюмдардын коңгуро какканына, жарандык коомдун нааразычылыгына карабай, «Чет элдик өкүл» мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапкан.

Количество просмотров: 179