• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чет өлкөлүк номерлүү унаалар тарабынан 1631 жол эрежеси бузулган

20 Чын куран 2021 12:33 Бишкек Govori.TV

3 ай ичинде 1631 жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номерлүү авто унаалар аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Милициянын кайгуул кызматкерлери 2021-жылдын 1-чейрегинин ичинде каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номурлуу 1636 авто унааны аныктады.

«Алардын ичинен 337 Россияныкы, 33 Арменияныкы, 50 Азербайжандыкы, 1139 транзиттик номерлер, 77 жана башка чет өлкөлүк номурлуу авто унаалар. Булардын баарына Кыргыз Республикасынын бузуулар тууралуу кодексинин беренелеринин негизинде тийешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 39 чет өлкөлүк авто унаалар ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы атайын коопсуз шаар долбоорунун алкагында койулган видео көзөмөлдөрдөн жашынып, же видео көзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен каттуу ылдамдык менен айдаган айдоочуларга, ошондой эле каттоо нөөмөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк транзиттик номерлүү авто унааларга карата мындан арыда текшерүү жана чара көрүү иштерин уланта турганын белгилейт.

Количество просмотров: 88