• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чет жердеги мигранттар өткөн жылы 2,4 млрд доллар каражат которгон

13 Бугу 2020 12:17 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бүгүн, 13-майдагы отурумунда өкмөттүн отчету каралып жатат. Анда депутат Дастан Бекешев чет жердеги мигранттарга көрсөтүлгөн жардам боюнча маселе көтөрдү. Ал 2019-жылы мигранттар канча акча которгонун сурады.

Өкмөт башчынын айтымында, бул жылы мигранттар 2 млрд 400 млн доллардай акча которду. Ал эми учурда жардамга муктаж болгон мигранттарга өкмөт 20 млн сом которуп, анын 10 млн сому Россия Федерациясындагы элчиликке жөнөтүлдү. Акча каражаты болуп калса дагы которулат.

«Экономикага ушунча салым кошкон мигранттарга 10 миллион сом каражат бөлгөнүбүз болбойт», — деди депутат.

Ошону менен катар эле ал санариптештирүү иши болбой калганын айтты.

Количество просмотров: 88