• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чоң-Алайда карышкырды тирүү кармап, сатыкка коюшту

7 Бештин айы 201817:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.12.2018.Govori.TV.

Алай менен Чоң-Алай райондорунда топоздорго кол салган 3 карышкыр атылып, бирөө тирүү кармалды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаментинин Алай району боюнча аңчы адиси Алимбек Айдаров кабарчыга билдирди.

Анын айтымында кечээ, 6-декабрь күнү Алай районунун Ак-Босого айылындагы мергенчилер 2 карышкыр атышкан. Буга чейин карышкырлар топоздорго кол салып келген эле. Мындан сырткары Чоң-Алай районундагы Кара-Мык айылында да жергиликтүү тургундар 2 карышкыр кармашкан. Анын бирөөсүн атышса, экинчиси тирүү кармалды.

Булак: Турмуш.кж

Количество просмотров: 73