• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чоң-Алайдын сел каптаган аймагына ыкчам топ тартылды

18 Кулжа 202417:17 Бишкек Govori.TV

Чоң-Алай районунун сел каптаган аймагына ыкчам топ тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн саат 16:00 чамасында Чоң-Алай районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары Чоң-Кызыл-Эшме айылында көчөлөрдү каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүгө Чоң-Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылды. Кошумча маалымат берилет.

Теги:
Количество просмотров: 120