• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен аял изделүүдө

14 Кулжа 202214:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн,14-июнда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Элебесов көчөсүндө Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен аял кишини издөө үчүн ӨКМдин 8 куткаруучусу тартылды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

ИИМдин берген маалыматына ылайык, 12-июнда 1985-жылы туулган И.Е. аттуу жаран сууга түшүп жатып агып кеткен.

«Ички иштер министрлигинин кызматкерлери «112» кызматына кабар беришип, издөө иши жүрүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 224