• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чоң Чүй каналынан аял кишинин жансыз денеси табылды

9 Чын куран 20229:00 Бишкек Govori.TV

Чоң Чүй каналынан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-апрель күнү 102 кызматынан Кемин районуна караштуу Ак-Бекет айылында Чоң Чүй каналына белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

ӨКМден жерине 6 куткаруучу тартылып, издөө-иштеринин натыйжасында Бообек жана Чым-Коргон айылдарынын кесилишинде каналдан 1987-жылы туулган С.Б. аттуу аялдын жансыз денеси табылган.

Куткаруучулар аялдын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 764