• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чоң Чүй каналынан 11 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

27 Теке 202110:15 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Көк-Жар айылындагы каналга түшүп кеткен 11 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы каналда 2010-жылы туулган К.Д. аттуу жаш бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, баланын сөөгү Лебединовка айылындагы Чон Чүй каналынан туугандары тарабынан табылган.

Количество просмотров: 177