• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен экинчи кишинин сөөгү табылды

8 Кулжа 20219:10 Бишкек Govori.TV

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен экинчи кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 6-июнда Лебединовка айылынын Гаражный көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына эки адам чөгүп кетип, бирөөнүн сөөгү ошол эле күнү табылган.

Куткаруучулар сууга чөккөн экинчи адамды издөө иштерин жүргүзүп, кечээ 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүп таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 137