• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

25 Тогуздун айы 20219:19 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Аламүдүн районунда Чоң Чүй каналынан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн айылынын Алма-Ата көчөсүндө Чоң Чүй каналында (БЧК) белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, суудан болжол менен 45-50 жаштагы азиат улутундагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 249