• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көп кабаттуу үйлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси табылды

2 Жетинин айы 20209:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-ноябрь күнү саат 10:10дө ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №28 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышкан.

«Свердлов районунда Батирдин ичинен 1948-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылдв. Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерин өткөрүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 346