• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Чоң Чүй каналынан изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылды

20 Кулжа 2022 9:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, маркум 1985-жылы туулган И.Е. аттуу жаран болгон. 12-июнда аталган жаран каналга мас абалында түшүп, агып кеткен. Окуя орун алган күндөн тарта ӨКМдин куткаруучулары тарабынан издөө иши жүрүп келген.

«Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө жалпы 11 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан Чоң Чүй каналынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 642