• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айдарбеков бир нече күн байланышта болбогонунун себебин айтты

30 Жетинин айы 2022 9:18 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков өзүнүн бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу үн катты.


«Урматтуу мекендештер!
Бир нече күн байланышта болбогонумдун себебин сиздерге жеткирип коюуну чечтим. Буга чейин менин кесиптештерим маалымдагандай, ден соолугума байланыштуу пландаштырылган текшерүүнү өтүү үчүн чет жака чыгууга муктаж элем. Ал ортодо, Казакстанда куран окутуу зыйнаты да бар эле, андан соң медициналык текшерүү үчүн сапар уладым. Сиздер менен байланышка чыгуу мүмкүнүчүлүгү пайда болоор замат ушул кайрылууну жазуудамын. Бардык кабатыр болгон жана ар дайым колдоо көрсөткөн санаалаштарыма терең ыраазычылык билдирем! Жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып келем.


Урматтоо менен, Чынгыз Айдарбеков»,-деп жазды.

Буга чейин, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албайт. Бул тууралуу парламенттеги «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев Фейсбуктагы баракчасына жазган.

«Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албайт. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракция лидери катары менин атыма расмий кат жазды. Чыңгыз Азаматович өтө жакынкы күндөрү кайтып келип, өз ишин улантат деп ишенем»,-деп жазды ал.

Ошол эле учурда Акаев Айдарбековдун учурда кайсы жакта экени тууралуу маалымат калтырган эмес.

Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы депутат Чыңгыз Айдарбеков кармалды деген маалыматты четке каккан. Атайы кызмат Айдарбеков суракка чакырылбаганын белгилеп, ал казак-кыргыз чек арасын кесип өткөнүн кабарлаган.

Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева 27-ноябрга караган түнү социалдык тармактардагы расмий баракчасы аркылуу төмөндөгүлөрдү кабарлган.

Количество просмотров: 1480