• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

“Чоң Казат” кыймылынын дагы бир мүчөсү суракка чакыртылды

3 Кулжа 2020 9:57 Бишкек Govori.TV

“Чоң Казат” кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча чыккан экспертизанын жыйынтыгы боюнча ИИМге суракка кирип, бир сааттан ашык убакытка чейин суралып чыкты. Анын айтымында ал күбө катары суралган.

Ал эми бүгүн ИИМге «Чоң Казат» кыймылынын дагы бир мүчөсү Максат Мамытканов суракка чакыртылды.

https://www.facebook.com/ChongKazat/videos/244906546790674/?v=244906546790674

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин Кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталган арызы боюнча С. Жапыкеевдин социалдык тармактардагы баракчасындагы билдирүүсү боюнча лингвистикалык экспертизаны жүргүзүү дайындалган.

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы чыгарган лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, С. Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакыруу, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүмүндө (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар экендиги аныкталган.

«Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүш боюнча кылмыш жасоого тиешеси бар бардык жарандарды тактоо жана аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 112