• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Чойбеков: ЖМК мыйзамы боюнча көптөгөн тегерек столдор, жыйындар өтүшү керек

30 Үчтүн айы 2024 14:10 Бишкек Govori.TV

ЖМК мыйзамы боюнча көптөгөн тегерек столдор, жыйындар өтүшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков бүгүн, 30-январда өткөн комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоору журналисттердин эркиндигин чектейт.

“Сиздер бир тараптуу эле иш алып барып жатасыздар. Баш мыйзамда ар бир жаран өзүнүнүн оюн эркин билдиргенге укуктуу экени жазылган туурабы? Ушул мыйзамыңыздар менен биздин журналисттерди чектөөгө алып келесиздер! Коомчулук, журналисттер дагы коңгуроо кагып жатышат. Бул мыйзам долбоорун кабыл алууга коом катышуусу керек. Бул үчүн көптөгөн тегерек столдор, жыйындар өтүшү керек. Бул мыйзам боюнча көп сунуштарым бар. Мүмкүн болсо, бул документти кароону бир айга жылдырууну сунуштайм”, — деди Чойбеков.

Ал эми министр Алтынбек Максүтов министрлик медиа өкүлдөрүнүн сунуштарын эске алып, өзгөртүүлөргө барып жатканын, 3-4 маселе боюнча орток пикир табылбай жатканын айтты.

Количество просмотров: 62