• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чойбековдун унаасы менен кагышкан жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болду

10 Бештин айы 2019 11:17 Бишкек Govori.TV

Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбековдун катышуусундагы жол кырсыгында жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болду. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, Улуттук госпиталда оор абалда жаткан жабырлануучу кечээ, 9-декабрда каза болгон.

Эскен салсак, 7-декабрда Бишкек-Торугарт жолунда Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков өзүнө тиешелүү Мерседес-Бенц автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, каршы келе жаткан Мерседес-Спринтер жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Натыйжада жүк ташуучу унаанын айдоочусу Кант шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан.

Максат Чойбеков да аталган ооруканага кайрылып, амбулатордук жардам алган. Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши УКМКга жөнөтүлүп, Максат Чойбеков кечээ кызматынан четтетилген.

Количество просмотров: 355