• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Чолпон-Ата: Кароолчу 12 жашар кызды зордуктаган

30 Жалган куран 2018 14:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.03. 2018. Govori.TV

Чолпон-Атанын тургуну адашкан 12 жашар кызды зордуктаган. Бул туурасында Ысык-Көл облустук ИИБдан билдиришти.

Маалыматта «Кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылып кызын азиат улутундагы белгисиз адам зордуктаганын жазган. Ысык-Көл облустук ИИБнин ыкчам ишинен кийин кылмышка шектүү катары Кара-Ой айылынын 53 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», -деп жазылат.

Маалыматка ылайык, айыпталуучу тергөө учурунда күнөөнү толук мойнуна алган.

Ал «Рух-Ордо» маданий борборунда кароолчу болуп иштеп, бош убагында эл ташый калат экен. Болжол менен саат 20.30 чамасында кичинекей кыз адашып калганын жана курсагы ач экенин айтып, унаасына отуруп турууну суранган. Киши аны «Рух-Ордо» борборунун кароолчулар жатчу жайына алып келип, курсагын тойгузуп, андан соң зордуктап салган»,- деп маалымдашат Ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү.

Количество просмотров: 8