• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чолпон-Ата курорттук шаарына калың кар түштү (сүрөт)

9 Жетинин айы 2022 17:53 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында калың кар жаады. Бул тууралуу Govori.TVга жергиликтүү тургундар кабарлады.

Алардын айтымында, Чолпон-Атага жааган калың карга тургундар таң калууда, себеби адатта курорттук шаарга көп деле кар түшпөйт. Алар кошумчалагандай, жааган калың кардын кесепетинен улам учурда электр жарыгы да өчүп калган.

Буга чейин Кыргызгидромет өлкө аймагында 8-9-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт, деп маалымдаган.

Абанын температурасы төмөндөп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, айрым райондордо жаан-чачын катуу жаашы, ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүп жаткан.

Количество просмотров: 448