• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чолпон-Ата шаарын жана дагы үч айылды сел каптады (видео)

12 Баш оона 20248:48 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл районунда нөшөрлөгөн жамгырдан улам Чолпон-Ата шаарын жана дагы үч айылды сел каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесиндеги кокту-колоттордон аккан суулар көчөлөргө жайылып жана «Жүдөмүш» каналында сел жүрүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Бостери, Бактуу-Долоноту айылдарынын бир нече көчөлөрүн, Булан-Сөгөттү айылын сел каптаган. Куткаруучулар Бактуу-Долонотулук бир үй-бүлөнү коопсуз жайга убактылуу көчүрдү», — деп билдиришти ӨКМден.

Количество просмотров: 504