• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Чолпон-Ата шаарына президенттер келе баштады (видео)

20 Теке 2022 16:56 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө өтчү Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн төрт өлкөнүн президенттери Чолпон-Ата шаарына келе баштады. Алгачкылардан болуп Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келди.

Белгилей кетсек, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмеси өтөт. Ага Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев катышары күтүлүүдө.

Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусунун алкагында регион өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту, ынак коңшулаштыкты жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган документтерге кол коюу пландалууда.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Количество просмотров: 1218