• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Чолпон-Ата шаарында дүйнө жылдыздары топтолот

12 Теке 201916:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.07.2019.Govori.TV.

Чолпон-Ата шаарында дүйнө жылдыздарынын катышуусу менен «Asia Session-2019» эл аралык музыкалык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маданий иш-чара 1-августтан 3-августка чейин уланат. Концерттин алдында туристтик компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жарманке өтөт.

«2-3-августта Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо өтчү концертке Havana, Say Мо, Сэм Космо, Меркури Кашалот, Mohombi, Мирбек Атабеков, DJ Софа, «Иванушки International» тобу жана башка белгилүү ырчылар катышат», — деп жазылат маалыматта

Количество просмотров: 13