• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чолпон-Атада 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп кетти

14 Баш оона 202011:33 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-август күнү саат 15:58да Чолпон-Ата шаарында көлгө 2001-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткен.

Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 371