• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чолпон-Атада ат оюндары өтөт

7 Баш оона 201911:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.08.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата Ысык-Көлдө Кыргызстан Президентинин кубогу үчүн ат оюндары өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ат оюндары 26-31-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында болот.

Турнирдин программасында көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш жана салбурун каралган.

“26-29-августка чейин көк бөрү мелдешинин болжолдуу оюндары өтүп, 30-августта көк бөрү, эр эңиш жана салбурун оюндарынын үчүнчү орун үчүн кармаштары тартууланат. 31-августта эл финалдык оюндарга күбө болот”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 68