• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекет башчыларынын жыйыны башталды

21 Теке 202211:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтүп жатат.

Чөлкөмдүн лидерлеринин саммитине катышуу үчүн Казакстан менен Өзбекстандыгн президенттери Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 20-июлда келди. Ал эми Түркмөнстан жана Тажикстандын президенттери Кыргызстанга бүгүн келишти.

Өлкө башчы Жапаров күн тартибин бекитип, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге сөз берди.

Чолпон-Атада өтө турган Борбор Азия өлкө башчыларынын кезектеги кеңешмесинде беш мамлекет достукту, ынак коңшулаштыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коёру күтүлүүдө.

Количество просмотров: 213