• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Чолпон-Атада Кыргызстан аялдарынын форуму өтүүдө

22 Баш оона 2022 14:34 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында лидер, саясатчы айымдардын жана мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда «Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги» аталышындагы экинчи улуттук форум өтүүдө. Бул туруалуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, форум аялдардын коомду өнүктүрүүгө кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгилеп, аялдардын лидерлигин өнүктүрүүнүн биргелешкен стратегиясын түзүү боюнча диалог аянтчасы болуп саналат.

Форумга Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, райондук, облустук администрациялардын өкүлдөрү, Кыргызстандын министрлер кабинетинде иштеген аялдар, биринчи айымы жана «Эне-балага тирек» коомдук фондунун директору Айгүл Жапарова, экс-президент Роза Отунбаева, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, акыйкатчы Атыр Абдрахматова, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана башка саясий лидерлер катышууда.

Форумдун жүрүшүндө чечимдерди кабыл алуунун ар кандай деңгээлдеринде аялдардын лидерлигин илгерилетүү, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотуу, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, алардын айлана-чөйрөгө жана тынчтыкка кошкон салымын жогорулатуу боюнча биргелешкен аракеттердин планын иштелип чыкмакчы.

Количество просмотров: 3045