• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чолпон-Атада түндө ок атылганы айтылды. Милиция эмне дейт?

15 Баш оона 202211:28 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Ата шаарында түн ортосунда ок атуунун үндөрү угулган. Бул тууралуу соцтармак колдонуучусу Лейла Саралаева өздүк баракчасына жазып чыкты.

Анын билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, саат 3:34тө Чолпон-Атанын ПМК аймагында автоматтын кезектешкен атуулары жаңырган.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы бул тааралуу кабар түшпөгөнүн билдирди.

«Бирок, соцтармакта чыккан бул маалымат райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, териштирүү жүрүп жатат», — деп кошумчалашты милициядан.

Количество просмотров: 5169