Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияга 112 миллион сомдук жыйын зал курулуп жатат. Бул туурасында президенттин жана министрлер кабинетинин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Тилек Батырканов ЖКнын бюджет жана финансы комитетинде билдирди.
Батыркановдун айтымында, жыйындар залынын курулушу 2 ай мурда башталган, 15-августка чейин бүткөрүү пландалууда. Аны телекоммуникациялык жабдыктар менен жабдуу үчүн 24,5 млн сом керек болууда.
300 адамга ылайыкталып жаңыдан курулуп жатат. «Ала-Арчадагыдай» чоң болуп салынууда. 15-августка чейин куруп бүтүрүп, 19-20-августта кеңешме өтөт. Ошого даярданып жатабыз», — деди Батырканов.