• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Чолпон-Атага жаңы кичи район курулат

6 Бештин айы 2023 10:03 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көп кабаттуу үйлөр жана социалдык-маданий маанидеги объектилери бар жаңы кичи районду куруу үчүн жер берүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Тиешелүү чечим Кыргызстандын жарандарын арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Документке ылайык, министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине мөөнөтсүз пайдаланууга мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 35 гектар жерди белгиленген тартипте өткөрүп берүү тапшырылды, анын ичинен Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына 1 гектар жер, Чолпон-Ата шаарынын мэриясына 34 гектар жер.

Бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарынын тургундарынын тизмесинде жеке турак жай курууга арыз бергендердин саны 3 миң адамдан ашат. Учурда жерге көп кабаттуу турак-жай жана административдик имараттарды куруу долбоору иштелип жатат.

Количество просмотров: 56