• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чолпон Тыныбекова: Долбоордун программасын көргөндө эле меники экенин билдим

19 Бугу 202519:43 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.

Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири Чолпон Тыныбекова «Кыйын» долбоорунун программасын көргөндө эле меники экенин билдим дейт.

«Мен «Кыйынды» дайыма күтүп көрөм, анда актуалдуу маселелер көтөрүлүп келет. Ал эми бул тренингден алган билим, тажырыйбамды башкалар менен да бөлүшөм», — дейт ал.

Количество просмотров: 197