Чу дарыясынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 53-чакырымында Чу дарыясында болжол менен 60-65 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.