• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто сууга чөккөн 9 жана 7 жаштагы балдардын жансыз денеси табылды

12 Теке 202312:33 Бишкек Govori.TV

 Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Южный каналына түшүп кеткен 9 жана 7 жаштагы балдардын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, балдар 11-июлда сууга түшүп кеткен. Аларды издөөгө куткаруучулар тартылып, бүгүн 9 жаштагы К.М., аттуу баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген. Ал эми 7 жаштагы баланын сөөгү жакындары тарабынан табылган.

Куткаруучулар балдарды суу объектилерине кароосуз калтыруу кооптуу экендигин эскертет.

Количество просмотров: 137