• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Тажикстанда уурдалган банкирдин сөөгү табылды

15 Баш оона 2023 15:43 Бишкек Govori.TV

Тажикстандагы «Ориёнбанктын» төрагасынын дээрлик эки ай мурда уурдалган орун басары Шухрат Исматуллоевдин сөөгү Пенжикент шаарында табылды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмон 15-августта басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, маркумдун тек-жайын тактоо үчүн соттук-стоматологиялык экспертиза жүргүзүлүп, сөөк банкирге таандык экени аныкталды.

«Ориёнбанктын» төрагасынын биринчи орун басары Шухрат Исматуллоевду белгисиз кишилер 23-июнь күнү кечинде Душанбеде күч менен автоунаага салып кетишкен.

Башкы прокуратура кылмышкерлер банкирди өлөрчө кыйнап, кийин сөөгүн дарыяга ыргытып жиберишкенин билдирген.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети Исматуллоевдин сөөгү Зарафшан жана Душанбе дарыяларынан изделип жатканын билдирген.

Юсуф Рахмондун айтымында, банкирди уурдаган кылмыштуу топтун курамында бери дегенде эле 16 киши болгон. Бүгүнкү күнгө карата алардын 13ү кармалып, үчөөнө издөө жарыяланган.

Өткөн жумада Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода бул кылмышка ИИМдин мурдагы эки кызматкери да активдүү катышканын ырастаган. Анын айтымында, алардын бири Рустам Ашуров июлдун башында Кишинев аэропортунда эки кишини өлтүргөндөн кийинки атышууда ок жеп, ооруканада каза болгон. Экинчиси Дилшод Саидмуродовго кылмыштуу топтун мүчөсү катары издөө жарыяланган.

Количество просмотров: 173