• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Баткенде эки бала сууга чөгүп, бирөөсүнүн сөөгү табылды

15 Бугу 2023 10:03 Бишкек Govori.TV

Баткен облусундагы Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен эки баланын бирөөсүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14-май күнү саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн болжол менен 15-20 жашта балдар сууга чөккөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Издөө иштерине 10 куткаруучу тартылган.

«Бүгүн, 15-май күнү саат 05:50дө 15 куткаруучу издөө иштерин улантууга чыгып, саат 08:35де 2009-ж.т. Д. М. сөөгү табылды»,-деп жазылат маалыматта.

Издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 73