• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Чукул билдирүү: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

29 Бештин айы 202310:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы үч саат аралыгында күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Төмөндөгү эрежелерге көңүл буруңуз:

-катуу шамал учурунда эшикте сейилдөөнү токтотуп туруңуз;

— унааңызды имараттын жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;

— электр чубалгыларынын жанына турбаңыз;

— көчөдөн көз айнек тагыныңыз;

— үйдүн эшик-терезелерин жабыңыз.

Количество просмотров: 288