• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чукул кабар: Бишкек менен Чүй облусунда катуу шамал болот

6 Теке 202110:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-июлда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында 1 сааттын ичинде катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Кырсыктан оолак болуу үчүн автоунааларды бак-дарактардын астына токтотпоо сунуш кылынат.

Количество просмотров: 6049