• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

«Чукумай, аңдымайлар». Нарматова саясатчылардын декларациясын ачыктагандарга нааразы болду

4 Чын куран 2023 11:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова аткаминерлердин декларациясын ачыктагандарга нааразы болду.

«Өмүр бою ак мээнети менен иштеп тапканын деле блогер, журналисттер «ушундай мүлкү бар экен» деп маскарасын чыгарып, жаманатты кылып жазып жатышпайбы. Декларациядан көрүп алышып саясатчыларды, аткаминерлерди бир кылмыш кылып койгондой жазып жатышат. Азыр биз бул мыйзамды колдой турган болсок блогер, журналисттер алардын аркасынан чукулай албай калабы? Каяктан алдың, уурдадың дей албайбы ошондо?» — деп сурады депутат.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев чукулай албастыгын, мыдай суроолор болбой турганын айтты.

«Биздин ушундай чукумай, аңдымайлар… Декларациясын ашкере кылып, адамдардын жеке жашоосуна, абийирине шек келтирген учурлар көп болуп жатат да. Бизде чукуламайлар көп болгону үчүн 30 жылда чыккан жаңы байларыбыз тапкан каражатын сыртка алып чыгып кеткенге аракет кылып жатышат. Дүйнөнүн төрт бурчунан, Европага чейин барып үй-мүлк сатып алып, ишканаларды ачып, бизнесин көчүрүп кетүүдө. Мамлекеттик органдар текшерет, ошол эле учурда биз бири-бирибизди чукулап ырахаттанабыз. Бирөөнүн абийирин кетирсе өмүрлөрү узарат. Биз декларация толтурганда миллиардерлер жашырып томояк атка конуп жатат, ошол эле учурда мыйзамды сыйлап көрсөтүп койгон адамдардын шермендесин чыгарып, өлтүрүп жатасыңар», — деди Нарматова.

Кошумчалай кетсек, 3- апрелде парламентте бюджет жана экономика комитетинде жарандар болгон мал-мүлкүн ачыктаса, аны каяктан алганын текшербөөгө кепилдик
берген мыйзам долбоору каралган.

Количество просмотров: 131