Президент Садыр Жапаров депутаттарды популизмден алыс болууга чакырды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров эл менен жолугуу үчүн Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго барган учурда айтты.
Жапаров коомчулукта көтөрүлгөн маселелерге үстүрт мамиле кылбай, терең талдап, изилдеп, андан кийин гана коомдук деңгээлге көтөрүү зарылдыгын белгиледи.