Бишкек.26.10.2018.Govori.TV.
Бүгүн Москва шаарында Орусиянын жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлери жолугуп, түз эфирге чыгышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Бул тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун алгачкы иш сапары болду.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров соңку жылдары карым-катнаш жаңы деңгээлге чыккандыгын белгиледи. «Президенттер бир жылда 4 жолу, ал эми өкмөт башчылары 3 ирет кезикти. Биз конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылабыз,” -деп кошумчалады.
Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков алдыда да жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, иш сапарлары пландалып жаткандыгына токтолду. Ошондой эле Лавров менен жолугуп, эки өлкөнүн дипломатиялык иштерин бекемдеп жатканына ыраазы экенин айтты.
https://www.facebook.com/MIDRussia/videos/326964928036125/