• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Чыңгыз Айтматов жана театр» фестивалы 12-ноябрда старт алат

10 Жетинин айы 2018 20:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.11.2018.Govori.TV

2018 — жылдын 12- ноябрь күнү Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейлик мааракесинин алкагында «Чыңгыз Айтматов жана театр» эл аралык театралдык фестивалы башталат.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын
Маданият,маалымат жана туризм министрлигинин
Басма сөз кызматы билдирди.

Фестивалга катышуучулар Ч.Т. Айматовдун чыгармаларынын негизинде даярдалган драмалар менен катышат.

Бүгүнкү күндө фестивалды жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Фестивалды уюштуруп өткөрүү боюнча жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу менен бекитилген.

Эл аралык фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Каракалпак Республикасы, Россия Федерациясынын театр чеберлери катышаары күтүлүүдө.

Мындан сыркары Кыргызстандын жети облусунан келген актёрлор тобу дагы катышат.

https://www.facebook.com/829161097106982/posts/2093205520702527/

 

 

Количество просмотров: 41