Улуттук банк улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине карата коллекциялык монетаны чыгарды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, «Тарыхый окуялар» сериясына кошулган 20 сомдук монета «Чыңгыз Айтматов — 90 жыл» ,-деп аталат. Алдыңкы бетине Айтматовдун портрети жана жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн. Четин тегерете «Чыңгыз Айтматов – 90 жыл» «Chingiz Aitmatov – 90 years» деген жазууну байкоого болот. Ал эми оң тарабында монетанын номиналы белгиленген.
Монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүнө Кыргызстандын герби, Айтматовдун чыгармасындагы ак кеменин жана бугунун элеси тоолордун жана Ысык-Көлдүн сөлөкөтү тартылган. Ошондой эле, төмөн жагында монетанын чыккан жылы жазылган.
Бул монета 29-октябрдан баштап жүгүртүүгө чыгарылды.